Линктер

Алар башкалаада тоноо, карактоо менен алектенип келгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, беш адамдан турган кылмыштуу топ июндун башынан бери бир нече үйгө куралчан кирип барып, жарандарды байлап, сабап, акча жана баалуу буюмдарды жана айрым учурларда автоунааны алып кетип жүрүшкөн.

Азыркы кезде алар кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыш тобу мурда соттолгондордон куралганы жана алар түрмөдө отурган кезде эле биригүүнү мерчемдегени маалым болду. Учурда алардын башка да кылмыштарга катышы бар-жоктугу иликтенүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG