Линктер

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин оорусу тууралуу расмий кабар жоктугун билдирди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Кабарларга караганда, расмий Москва Атамбаевдин саламаттыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан гана билген. Песков Кремль анын тез арада айыгып кетишин каалай турганын айтты.

Өлкө жетекчи ушу тапта Түркияда. Бирок, кайсы шаарда же аймакта экени тууралуу расмий маалымат жок. Түркиялык булактар Атамбаевдин Измир шаарындагы отелдердин биринде жашап жатканын жазышууда.

Ал 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган. Натыйжада Нью-Йоркко иш сапарын токтотуп, 20-сентябрдан 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүн алган.

21-сентябрда президенттик аппарат анын парламентке жана элге кайрылуусун таратты. Анда Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча депутаттар туура чечим кабыл алып, аны референдумга коеруна ишенимин белгилеген. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG