Линктер

Орусиялык укук коргоочу Светлана Ганнушкина Швециянын "Туура жашоо образы үчүн" премиясынын лауреаты болду. Бул сыйлыкты Нобел премиясы менен да салыштырып келишет.

Укук коргоочу мындай сыйлыкка адам укугун коргоо жаатындагы көптөгөн жылдардан берки эмгеги, качкындарга карата акыйкат мамилеси үчүн татыганы айтылууда.

Светлана Ганнушкина "Жарандык көмөк" комитетин жетектейт, ал 25 жылдан бери качкындарга жардам берип келатат.

"Туура жашоо образы үчүн" премиясын 30 жыл мурда филантроп, адабиятчы Якоб фон Юкскулл негиздеген. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG