Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Facebook негиздөөчүсү медицинаны өнүктүрүүгө үч миллиард доллар бөлдү


Жубайлар Марк Цукерберг жана Присцилла Чан, 21-сентябрь, 2016
Жубайлар Марк Цукерберг жана Присцилла Чан, 21-сентябрь, 2016

Интернеттеги Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чан оор илдеттерди алдын алуу жана айыктыруу максатында медициналык изилдөөлөрдү каржылоо үчүн үч миллиард доллар бөлүүнү чечишти.

Шаршемби күнү Сан-Францискодо сүйлөп жатып Цукерберг алардын негизги максаты дүйнөдөгү бардык ооруларды айыктыруу жана өлүмгө алып келүүчү дарттарга каршы күрөшүү экенин айтты.

Бул он жылдык долбоордун биринчи этабында 600 миллион доллар Сан-Францискодо биологиялык борбор ачууга жумшалат.

Жубайлар үй-бүлөлүк кайрымдуулук фондун былтыр декабрда тун кызы Макс төрөлгөндө негиздеген болчу. Алар дүйнөдө саламаттыкты сактоого, билимди өнүктүрүүгө жана теңсиздикти жоюуга жалпысынан 45 миллиард доллар бөлүүгө даяр экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG