Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Казакстанда парламенттин коопсуздук комитетинин жетекчиси Дарига Назарбаева полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин айтып чыкты.

Астанада экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкууланган жыйында ал полициянын макамын кайра карап чыгуу керек экенин, өзгөчө кырдаалдарда активдүү чара колдоно алуусу үчүн алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин билдирди.

- Алматыда мерт болгон полиция кызматкерлери мыйзам чегинен чыкпай, инструкция боюнча иштеген. Бирок алар өмүрүнөн ажырады, - деди Назарбаева быйыл 18-июлда Алматыда полициянын жана атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарына жасалган чабуулдарды эскертип.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата терроризм беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 18-июлда Алматыда жалгыз адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш өмүр кыйылган.

Мына ушул окуяларга байланыштуу өлкөдө «террор коркунучу» деген режим жарыяланган. Анын мөөнөтү келерки жылдын 15-январына чейин узартылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG