Линктер

Экс-премьер-министр Темир Сариев 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоо боюнча саясатчылар жана партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

-Жашым дагы саясатта болгонго мүмкүнчүлүк берет. 53 жаштамын. Алдыда чоң пландар бар. Аймактарды кыдыра баштадым. Ысык-Көлгө барып келдим. Эми башка аймактарга чыгам. Саясатчылар менен, саясий партиялар менен жолугушуп, сүйлөшүп жатам. Ачыгын айтайын, эмки жылы боло турган президенттик шайлоо боюнча да сүйлөшүүлөр болууда,- деп айтты Темир Сариев. Ал президенттик шайлоого катышар-катышпастыгын кийинчерээк маалымдарын билдирди.

Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолун куруудагы талаштуу маселелерге байланыштуу быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен. Сариев 2017-жылы президенттикке талапкерлигин коёру тууралуу кеп-сөздөр айтылып келатат. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG