Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Сариев Балыкчы-Корумду жолу боюнча айыптоолор уланса сотко кайрылат


Экс-премьер-министр Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолундагы мыйзам бузуулар боюнча ага коюлган айыптоолор улана берсе, сотко кайрылат. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна берген маегинде белгилеп, далилсиз көө жабуулар гезиттерде токтой электигин билдирди:

-Мындан кийин ушул сыяктуу билдирүүлөр болсо, сотко берем. Мени прокуратура бул маселеде күбө катары суракка чакырган. Эмне үчүн жол куруу чечимин кабыл алганымды сурашты, тийиштүү жообумду бердим. Азыр деле айтам, бул чечим туура болчу. Эгер жол салууну баштаганым үчүн мени күнөөлүү деп табышса, жазасын тартканга даярмын. Күчүм да, демим да жетет.

Темир Сариев башында турган өкмөт 2015-жылы күздө Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча тендер өткөргөн. Сынакка катышкан төрт компаниянын ичинен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. Тендер мыйзамсыз өткөн деген өңдүү дооматтар менен Темир Сариев кызматтан кеткен.

Чырлуу Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт жана 7 миллиард сомго жакын каражат сарпталары айтылган. Анын курулушу ушул күндөрү уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG