Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Ирандын президенти Хасан Роухани дүйнө державалары акыркы 15 жылда терроризмди жайылтууда деп айыптады. Кечээ БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн президент айрым өлкөлөрдүн «репрессиялары жана аскерий интервенциялары» терроризмдин кулач жайышына жана дүйнөнүн коопсуздугун камысз кылууга алып келгенин белгиледи.

Роухани аймактагы атаандашы Сауд Арабия чындап эле бейпилдикке жана коопсуздукка умтулса, Жакынкы Чыгыштагы бөлүп-жаруучу саясатын токтотушу керектигин билдирди. Тегеран менен Эр-Рияддын мамилелери Сириядагы согуштан, Йемендеги окуялардан улам начарлап кеткен. Алар касташкан эки башка тараптарды колдошот. Роухани АКШ жана башка 5 кубаттуу мамлекет менен жетишилген ядролук программа боюнча келишимди кубаттады.

Ошол эле маалда ал Вашингтондун макулдашууну «аткарбай жатканын» сындап, бул кемтик тезинен оңдолууга тийиштигин билдирди. Роухани Иран менен байланышы бар делген жардырууларда өлгөндөрдүн жакындарына Тегерандын камакка алынган банк эсептеринен компенсация төлөнсүн деген АКШ Жогорку сотунун чечимин сындады. Ал компенсациялар жүз миллиондогон долларга жетиши ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG