Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Эрдоган АКШ сириялык күрттөргө курал-жарак жөнөттү деп сындады


Режеп Тайып Эрдоган АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен.

Режеп Тайып Эрдоган АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кошмо Штаттар Сириядагы күрт кошуундарына курал-жарак жөнөтүүнү улантууда деп айыптады. Эрдоган мындан 3 күн мурун АКШ Кобане шаарына “курал-жарак жүктөлгөн эки учак” жиберген деп бейшембинин кечинде Нью-Йоркто Башкы Ассамблеяга катышкандан кийин айтты.

Түрк лидери Сириянын элдик коргонуу кошуундарын “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөштө өнөктөш кылып, Америка чоң ката кетирүүдө деди. Вашингтон күрт бөлүктөрүн Сириядагы экстремисттерге каршы урушта жердеги эң маанилүү өнөктөш катары баалайт. Анкара болсо аларды Күрттөрдүн жумушчу партиясы – ПКК менен байланыштагы “террордук” уюм деп билет.

Эрдоган курал менен камсыз кылуу маселесин вице-президент Жо Байден менен сүйлөшүүдө козгогонун, бирок Байден кабары жоктугун айтканын кошумчалады. Түркия соңку бир нече айда “Ислам мамлекети” радикал тобу жана күрт кошуундарына каршы күрөшкөн анкарачыл сириялык козголоңчуларды колдоо иретинде ондогон танк менен жүздөгөн аскерин жөнөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG