Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Италиядагы жер титирөөнүн чыгымы эсептелди


Италия өкмөт башчысы Маттео Ренци өлкө борборунда жакында болгон жер титирөөнүн чыгымдары 4 миллиард еврого жете турганын билдирди. Бул суммага жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, инфраструктураны калыбына келтирүү жана зилзаларга туруштук берчү имараттарды курууга кеткен каражат кирет. Өкмөт бул чыгымдарга байланыштуу эмки жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү пландап жатат.

24-августка караган түнү Лацио, Умбрия жана Марке облустарында болгон силкинүү 300дөн көп кишинин өмүрүн алып кеткен. Бир топ турак үйлөр, чиркөө, тарыхый эстеликтер урап калган.

XS
SM
MD
LG