Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Жыл аягына чейин 200 мектеп колдонууга берилет


Курулуп жаткан мектептер ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Натыйжада жыл аягына чейин курулуш жана капиталдык ремонттон 200 мектеп өтүп бүтөт.

1-сентябрга карата 98 мектептин капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жыйынтыкталып, окуучуларды кабыл ала баштаса, суук түшкөнгө чейин калган билим берүү мекемелерин ишке киргизүү аракети көрүлүүдө.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун жалпы билим берүү мекемеси бар. Билим берүү министрлиги буга чейин өлкө боюнча 231 мугалим жетишпей жатканын маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG