Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ош облусунун Араван районунда 18 жаштагы жигитти беш киши катуу сабап, маркум ошол жерден жан берген. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чек-Абад айылында 20-сентябрда адамдын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй маркумдун тек жайы аныкталып, ал Кара-Жантак айылынын 18 жаштагы тургуну Маруфжон Наврузов болуп чыкты.

Араван райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, изкубарлар беш адамды кармашты.

Тергөөдө маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр өз айылындагы кызга бөтөн айылдан бала келип, жолугуп жүргөнүн билип калып, кызганычтан улам Наврузовду ур-токмокко алышкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG