Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Абдылдаев: айрым өлкөлөр Кыргызстанга чектөөлөрдү киргизүүдө


Эрлан Абдылдаев

Эрлан Абдылдаев

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн жолугушуусуна катышты.

Министр өз баяндамасында Вена программасынын ишке ашырылып жатканына токтолуп, Кыргызстандын экономикасынын көйгөйлүү маселелерине токтолду. Абдылдаев айрым өлкөлөр Кыргызстанга бир тараптуу чектөөлөрдү киргизип, соода алакасына тоскоолдук кылып жатканын кошумчалады.

Эрлан Абдылдаев заманбап жашоодо кайсы бир өлкөнүн эсебинен экинчи өлкөгө өнүгүүгө жол бербөө керектигин айтып, эл аралык укуктарды сыйлоого чакырды.

Дегизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келаткан өлкөлөргө 32 мамлекет кирет. Вена программасына ылайык, бул өлкөлөр үчүн 2014-2024-жылдар аралыгында эл аралык рынокко чыгууга жеңилдиктерди камтыган стратегия иштелип чыккан. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG