Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Жо Байден: Украина Донбасска өзгөчө макам берүүгө даяр


Жо Байден
Жо Байден

Украина бийлиги Минск келишимин аткарууга даяр, айрыкча орус жикчилдери тарабынан көзөмөлдөнүп жаткан Донбасска өзгөчө макам берүүгө макул. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден эл аралык кызматташтык боюнча Вашингтондогу кеңешмеде билдирди.

Байден Украинанын өзгөчө макам берүү чечими көп сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынганын билдирди. "Бирок Орусия өз кезегинде Минск келишиминин бир дагы пунктун аткара элек", деди Байден.

“Өзгөчө макам” Минск келишиминдеги пункттардын бири. Аны Германия, Франция, Украина жана Орусиянын өлкө башчылары макулдашып, тиешелүү келишимге кошушкан.

Буга чейин Украинанын Жогорку Радасы биринчи окууда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, Донецк жана Луганск облустарында өз алдынча жергиликтүү башкарууну түзүүгө уруксат берген. Киев орусиялык жикчилдер Украинанын чыгыш аймагынан чыгып кетмейинче мыйзам иштебесин айтып, Минск келишиминин толук аткарылбай жатышына Орусияны айыптап келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG