Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" долбооруна өттү


Кайрат Примбердиев Орусиянын Биринчи каналындагы “Голос” долбооруна катышып, алгачкы сынактан ийгиликтүү өттү. Примбердиев Жеймс Браундун It's a Man's Man's Man's World аттуу ырын аткарган.

Орус ырчысы, композитор Леонид Агутин жана ырчы Полина Гагарина Примбердиевди өз тобуна чакырышты. Ырчы Примбердиев Агутиндин тобуна кирүүгө макул болду.

Мындан ары кыргызстандык ырчы Примбердиев Леонид Агутинден сабак алып, сынактын башка катышуучулары менен жеңиш үчүн ат салышат. Финалга төрт калыстын тобунан бирден ырчы чыгып, мыктысы тандалат. Жеңүүчү көрөрмандардын SMS добушу менен аныкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG