Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясынын алкагында кыргыз тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолукту. ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда Абдылдаев ЕККУга нааразычылыгын билдирип, Кыргызстанда коогалаңдын уюштуруучуларынын бири катары сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз сүйлөөгө аянтча түзүп берип жатканын кескин сындады.

Кыргыз тарап качып жүргөн адамга ЕККУнун алкагында чыгып сүйлөөгө чектөө коюуну талап кылды. Ошол эле учурда Абдылдаев Кыргызстан стабилдүүлүктү сактап калууга бар укугун колдонорун кошумчалады.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, өлкөдө улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. 2010-жылдагы июнь окуясын "геноцид" деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG