Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Кыргызстанда 25-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27,

Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26,

Баткен облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градус болот.

Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүз 24…26° жылуу. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG