Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Луганскта Игорь Плотницкийдин жардамчысы өзүнө кол салды


Донбассттын Украинадан бөлүнүшүнө каршы өткөн акциялардын бири.
Донбассттын Украинадан бөлүнүшүнө каршы өткөн акциялардын бири.

Өзүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган аймактын жетекчиси Игорь Плотницкийдин жардамчысы Геннадий Цыпкалов өз жанын кыйды. Бул тууралуу журналисттерге аталган аймактын башкы прокуратурасынын өкүлү Сергей Рахно билдирди.

Буга чейин Цыпкаловго Луганск элдик республикасынын башкы прокуратурасы “бийликти басып алуу аракети” боюнча кылмыш ишин козгогон. Луганскта бийликти алмаштыруу аракети болду деген билдирүү менен аймактын жетекчиси Игорь Плотницкий жарандарды сак болууга, Киев тараптан жасалган чагымдарга алдырбоого чакырган.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери ишти тергеп жатып жарылуучу заттар жана ок-дарылар бар кампаны табышкан. Алар табылган заттар бийликти алмаштыруу үчүн колдонууга даярдалып жатканын билдиришкен. (SDz)

XS
SM
MD
LG