Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Референдумга каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоо башталды


Кыргызстан Конституциясы.

Кыргызстан Конституциясы.

Бүгүн, 26-сентябрда “Референдумга жол жок!” кыймылы жыйын курат. Анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоло баштаганы расмий жарыяланат. Бул тууралуу аталган кыймылдан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Кыймыл тараткан кайрылууда бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү учүн бардык укуктук талаптарды одоно бузуп жатканы, Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттин кызыкчылыгына караманча каршы келери айтылып, референдумга каршы турган жарандарды бул акцияга катышууга чакырык ташталган.

«Референдумга жол жок» кыймылы 13-сентябрда түзүлүп, ага Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыккан бардык саясатчылар, оппозициялык, улуттук патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бириккен. Алар 8-октябрда элдик курултай өткөрүүнү көздөп жатышат. Аны уюштуруу тобунун курамына Элмира Ибраимова, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Кадыр Кошалиев жана Мавлян Аскарбеков шайланган.

Оппозиция бийликти Конституцияны өзгөртүү аракетинен баш тартууга чакырууда. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары Конституция өлкө кызыкчылыгы үчүн өзгөрүүгө тийиш деген көз карашты карманууда. Буга чейин жалпы элдик добуш берүү 4-декабрда өтөрү айтылган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG