Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

БУУ Алепподогу кырдаал боюнча чукул жыйын курду


Алепподогу бомбалоодон кийин.
Алепподогу бомбалоодон кийин.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр Орусиянын Сириядагы аскердик операцияларын "ээнбаштык" деп атады. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жекшембиде Алепподо жаралган кырдаал боюнча чукул жыйынында Пауэр конфликтти Москванын жардамысыз жөнгө салуу мүмкүн эместигин айтты:

-АКШ Сирияда ок атууларды токтотуу режимин калыбына келтирүүгө болгон күчүн жумшайт. Бирок, эгер Орусия согуштун уланышын колдосо буга жетүү мүмкүн эмес. Акыркы кезде Москва бирди сүйлөп, иш жүзүндө башкача кадамдарды жасады. Орусия колдогон аракеттер террорчулукка каршы күрөш эмес, ээнбаштык.

25-сентябрга караган түнү Сириянын өкмөттүк аба күчтөрү Алеппонун түндүгүндөгү оппозиция көзөмөлдөгөн райондорго сокку урду. БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын билдиришинче, аба чабуулдарынан ондогон аялдардын, балдардын өмүрү кыйылды. Баш катчы Пан Ги Мун Сириядагы бул окуяларды сынга алды.

Ал эми Орусиянын БУУдагы атайын өкүлү Виталий Чуркин Сирияда элдешүү жараянын калыбына келтирүү мүмкүн болбой калганын белгиледи. Анын айтымында, Кремль ок атышууларды токтотуу үчүн бир тараптуу кадамга барбайт.

Шашылыш жыйын АКШ, Улуу Британия жана Франциянын демилгеси менен Алепподогу курчуган кырдаалга байланыштуу чакырылган. Вашингтон жана Москванын ортомчулугу менен бир жумага созулган убактылуу элдешүү жараяны 19-сентябрда бузулду. Аны калыбына келтирүү аракетинен натыйжа чыккан жок.

XS
SM
MD
LG