Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:42

Республикалык “Ден-соолукту чыңдоо борборунун” адистери ушул күндөрү өлкө аймагында “Кан басымыңды билип ал” деген акысыз акция өткөрүп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде уюштурулган өнөктүк 19-сентябрдан 30-сентябрга чейин уланат. Аталган борбордун адиси Улукбү Эргешова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, акция район-шаарлардагы эл көп чогулган жерлерде өтүүдө:

- Базарларда, мечиттерде пункттарды ачканбыз. Адамдар кан басымын өлчөтүп, дарыгерлерден кеңеш алып кетишсе болот.

Иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда жашоочулардын басымдуу бөлүгү кан басымдын төмөндүгүнөн же жогорулугунан жабыркашат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG