Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Кытай тажик-ооган чек арасына төрт өткөрмө бекет курат


Тажикстан-Ооганстан чек ара өткөрүү пункттарынын бири.
Тажикстан-Ооганстан чек ара өткөрүү пункттарынын бири.

Кытай Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына төрт өткөрүү пунктун жана аскердик окуу борборун курат. Курулуш грант эсебинен жүргүзүлөт. Тажикстан өкмөтү бул багыттагы келишимдин долбоорун бекитти.

Мындан тышкары, Кытай тажик чек арачылары үчүн административдик жана кызматтык имараттарды, машыгуу аянттарын куруп, аларды тиешелүү жабдуулар менен камсыздайт.

Тажикстан жер тилкесин бөлүп берет жана кытай адистеринин коопсуздугун камсыз кылат. Кытай тарап курулуш боюнча салыктын бардык түрүнөн, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотулат.

Учурда Кытай Тажикстан экономикасындагы ири инвесторлордун бири. Дүйшөмбү Бээжинден бир миллиард доллардан ашуун акча алган. Бул өлкөнүн тышкы карызынын дээрлик жарымын түзөт.

Ошондой эле Кытай 2018-жылга чейин Дүйшөмбүгө алты миллиард доллардан ашуун каражат берүүнү убадалаган. Бул акчанын жарымы Борбор Азия-Кытай газ куурунун Тажикстан аймагындагы 400 чакырымга барабар бөлүгүн курууга жумшалат.

XS
SM
MD
LG