Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Сирия: камоодо калган аймактарга жардам жеткирилди


Сирия
Сирия

Сириянын камоодо калган төрт аймагына акыркы алты айдан бери биринчи ирет гуманитардык жардам жеткирилди. Жалпысынан жетимиш унаа жүк жеткирилгенин Эл аралык Кызыл чырым уюму кабарлады.

Маалыматка караганда, жардам Дамаск шаарынан алыс эмес жердеги Мадайя, Забадани жана Сириянын түндүк-батышындагы Аль-Фуа, Кефрайе кыштактарына келди.

Ливанга жакын аймактагы Мадайяда 40 миң адам жашайт. Шаарды Сирия өкмөтүнө ымалалаш күчтөр алты айдан бери камалап турушат. Забаданиде 1000 киши калды. Ал эми Кефрайе менен Аль-Фуадагы 20 миңдей адам 2015-жылдын апрелинен бери козголоңчулардын курчоосунда жашоодо.

БУУнун гуманитардык көмөгү согуштук аракеттерден улам үзгүлтүккө учурап келет. Акыркы жолу өткөн аптанын дүйшөмбүсүндө Алеппо шаарына барган 31 унаакербенге чабуул жасалган. Андан жыйырмадай карапайым адам өлүп, кампа талкаланган.

XS
SM
MD
LG