Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Сузактын тургуну Сирияда каза тапканы тууралуу кабар такталууда


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Бек-Абад айылынын 34 жаштагы тургуну – Мансур Жапаркуловдун Сириядагы согушта каза тапканы тууралуу маалыматты күч органдары тактап жатышат. Облустук Ички иштер башкармалыгы азырынча анын өлүмү тууралуу кабар так эместигин билдирди.

Мансур Жапаркулов үч кыздын атасы. Быйыл жазында Орусияга жумуш издеп кетип, дайынсыз жоголгон. Август айынын этегинде анын үйүнүн короосуна “Мансур шейит кетти, биз аны жерге берип келдик” деген жазуусу бар баракты белгисиз адамдар таштап кетишкен. Кийинчерээк интернеттеги социалдык тармактарда анын каза болгону тууралуу сүрөттөр жарыяланган. Туугандары бул маалыматка ишенбей жатышканын “Азаттыкка” билдиришти.

Бек-Абад айылында 4 адам Сирияга кеткендиги аныкталган.

Расмий кабарларга ылайык, Сирия жана Иракка кетип калган кыргызстандыктардын саны 600дөн ашып, анын 70тен ашыгы каза тапты. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG