Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Олланд Каледеги качкындар лагерин жоюу убадасын берди


Француз президенти Франсуа Олланд Каледеги качкындар лагериндеги тартип сакчылары менен жолукту.
Француз президенти Франсуа Олланд Каледеги качкындар лагериндеги тартип сакчылары менен жолукту.

Франция президенти Франсуа Олланд Каледеги качкындар лагерин жоюу ниетин расмий ырастады.

Ал саясий атаандаштарын бул маселени шайлоо алдында куралга айландырбай турууга чакырды. “Биз маселени чечүү жолундабыз. Анын этеги көрүнүп калды”, деди Олланд.

Кале шаарындагы качкындар айылы акыркы жылдары Евробиримдиктеги миграциялык кризистин символуна айланган. Ал жерде Британия аймагына өтүү мүмкүнчүлүгүн күтүп, 7-10 миң чамалуу бозгундар баш калкалоодо. Алардын көбү Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн.

Ошондой эле француз президенти Британияны Каледеги жагдайды чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Олланд өлкө башына келгенден бери алгачкы жолу аталган шаарга барды. Франция бийлиги буга чейин да Каледеги “Жунгли” аталган качкындар лагерин жоюуга аракеттенип келет.

XS
SM
MD
LG