Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Коррупцияга каршы облустар аралык коомдук бирикме уюшулду


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында түштүк аймактык «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулуп, башкаруу органынын жетекчилери шайланды. Уюм бийлик органдарына паракорлук жана коррупция менен күрөшүү саясатын ишке ашырууда, демократиялуу, укуктук мамлекетти курууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Бул тууралуу аталган бирикменин төрагасы Жапар Пазылов билдирди.

Ушундай уюм 2012-жылы Жалал-Абад облусунда түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдары менен биргеликте 250 миллион сомдук жемкорлук иштердин бетин ачууга жетишкен. (RsK)

XS
SM
MD
LG