Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Мурдагы элчи Кылычбек Султанов президенттен кечирим сурады


Кылычбек Султановдун Фейсбукка жазган билдирүүсү.
Кылычбек Султановдун Фейсбукка жазган билдирүүсү.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов Фейсбуктагы баракчасына президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураган билдирүү жазды.

Ал президенттин каалоосу менен Малайзияда эки жылдай элчи болгонун, ал жакта өз кызматында мамлекетибизге пайда келтире алганына ырахаттанганын жана көптөн күткөн наристелүү болгонун белгилейт. Бул үчүн кудайга жана президентке чексиз ыраазы экенин айткан Султанов мамлекет башчы жүргүзгөн саясатка макул эместигин дагы бир ирет билдирген. Президенттин кылган жакшылыгына жакшылык менен жооп кайтара албаганына кечирим сураган. Кылычбек Султанов "Азаттыкка" комментарий берип, муну адамгерчилик үчүн жазганын, бирок саясий көз карашы мурдагы бойдон каларын кошумчалады.

Кылычбек Султанов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы болуп, Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу өтүнүчү менен быйыл 17-августта президенттин атына арыз жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG