Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ: Орусия менен Сирия боюнча аскердик кызматташтыктын эртеңи күмөндүү


Сирия.
Сирия.

Орусия Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча өз милдетин аткарбай жатат. Бул тууралуу 26-сентябрда Акүйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест билдирди:

-Расмий Москва тынчтык режими боюнча акыркы келишимдин алкагында көп жолу өз милдетин аткарган жок. Мындай шартта Сирия боюнча аскердик кызматташтыктын келечеги күмөндүү. Өткөн дем алыш күндөрү Алепподо кырдаал чыңалып кетти. Сирия өкмөтү жарандык объектилерге сокку уруу боюнча координацияланган операцияларды баштады.

Жош Эрнесттин айтымында, Сирия бийлиги “Ак каска” деп аталган гуманитардык уюмдун ыктыярчылары жайгашкан жерге чабуул койду.

Алеппо тургундары жана БУУ 25-сентябрдагы аба соккуларын акыркы беш жарым жыл ичиндеги катуу чабуул катары сыпатташууда.

XS
SM
MD
LG