Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Бишкекте күрөөдөгү үйдү бошотуу учурунда чатак чыкты


Насыя акча үчүн күрөөгө коюлуп, акча төлөнбөгөнү үчүн банк менчигине өткөн үйдү бошотуудан ээси баш тарткан. Бүгүн сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен кошо үйдү бошотууга аракет кылышкан учурда, ал жерге насыячылардын укугун коргоо уюмунун мүчөлөрү каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороев билдирди:

-Саат он бирге жолугушууга катышуучу бир топ насыячылар күрөөдөгү үйгө жыйналып жатышкан. Ошол мезгилде үйдү бошотуу талабы менен сот аткаруучулар келишкен. Ал үйдүн насыяга алынуусунда алдамчылык бар, аны бошотууну талап кылуудан мурун териштирүү керек.

Кубан Чороевдин айтуусунда, бүгүн Илимдер академиясында насыя алуучулар кыймылынын мүчөлөрү Улуттук банктын, өкмөттүн, кредиттик уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар менен жолугушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG