Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Исландия орус аскерий учактары коркунуч жаратып жатканын билдирди


"Туполев" учагы. Иллюстрация.
"Туполев" учагы. Иллюстрация.

Исландия бийлиги орус аскер учактары бул өлкөнүн жүргүнчү ташуучу учагынын жанынан өтө жакын аралыкта учканына камтама болууда. Исландиянын Тышкы иштер министрлиги кечээ жарыялаган билдирүүдө Орусиянын «Туполев» деген үч бомбалоочу учагы 22-сентябрда Рейкьявиктен Стокгольмго жүргүнчү ташып бараткан учактын жанынан 1800-2700 метр аралыкта учуп өткөнү, алар транспондерлерин өчүрүп койгондуктан радардан көрүнбөгөнү айтылат.

Орус учактары катышкан мындай окуялар буга чейин Балтика деңизинин үстүндө да бир нече жолу катталган.

Бирок орус тарап айыптоолорду четке кагууда. Рейкьявиктеги орус дипломаты Алексей Шадский Исландия бийлигин Кеблавиктеги америкалык аскерий базанын ишин кайрадан жандандыруу максатында "орус коркунучунун образын кайра калыптандырууга" аракет кылып жатат деп айыптады. 2006-жылы жабылган бул база Экинчи дүйнөлүк согуш маалында маанилүү роль ойногон. Кийин "кансыз согуш" аяктагандан кийин НАТО үчүн анын маанилүүлүгү жоголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG