Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Сузакта үйлөрү көчкү алдында калгандар облустук бийликке кайрылды


Алмалуу-Булактагы жазындагы жер көчкү.

Алмалуу-Булактагы жазындагы жер көчкү.

Жазында жер көчүп, 15 жаштагы өспүрүм баланын өмүрүн алып кеткен Сузактагы Алмалуу-Булак айылынын тургундары мамлекет тарабынан берилген убадалар аткарылбай жатканына нааразы болуп өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын имаратына чогулушту. Алмалуу-Булак айлынын тургуну Абдували Таабалдиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, айылдын жашоочуларына коопсуз жерден турак-жай курууга жер тилкесин жана үстөк пайызсыз насыя берилет деген убада ишке ашкан жок:

-Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, КСДП фракциясысынын лидери Иса Өмүркулов батаган депутаттар жеринде биздин жашообузду көрүп кетишкен. Тез аранын ичинде маселеңер чечилет деп айткандан бери 4 ай өттү. Кышкысын биз кайда барып жашайбыз?

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов жер тилкелери даяр, бирок өкмөттө аны мыйзамдуу түрдө трансформациялоо маселеси чечилбей жатканын, ушул жума ичинде айылдыктардын талабы аткарыларын айтты. Алмалуу-Булактын тургундары 23-августта ушул эле талап менен ӨКМдин облустук башкармалыгына жана Сузак райондук акимчилигинин алдына барышкан.

Ушул жылдын апрель айында Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп 4 үйдү жана бир адамды басып калган. Ошондон кийин 150 үй жараксыз деп табылып, айылга электр энергиясын берүү токтотулган жана орто мектеп жабылган. Бирок август айында өкмөттүн сунушу менен мектеп кайрадан ачылып, айылга электр энергиясы берилди. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG