Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Кытай менен виза маселеси талкууланды


30-августтагы жардыруудан кийин Бишкектеги Кытай элчилиги виза берүүнү убактылуу токтоткон.
30-августтагы жардыруудан кийин Бишкектеги Кытай элчилиги виза берүүнү убактылуу токтоткон.

27-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министрлигинде өткөн сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосунда соңку кезде жаралган визага байланышкан маселе талкууланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, кытай тарапка Кыргызстандагы электрондук виза системасын киргизүү аракеттери тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле ал жакта билим алган кыргызстандыктардын виза көйгөйү жөнүндө Кытайдын билим министрлиги кабардар болгон. Кытай тарап кыргыз жарандарына билим жаатында мурда бөлүнгөн стипендия жана гранттар сакталарын убада кылган.

30-августта Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып, үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян келтирилген. Элчилик ошондон бери виза берүүнү убактылуу токтоткон болчу. Мунун айынан Кытайда билим алган үч жүзгө жакын студент окуулары үзгүлтүккө учурап жатканын айтышып, нааразылык билдирип келишет. Кытай элчилиги виза берүүнү 10-октябрдан тарта калыбына келтирерин буга чейин Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG