Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

ӨКМ: Жети-Өгүз районунда жааган мөндүр чатырларды кыйратты


Мөндүр.

Мөндүр.

25-сентябрда саат 16:30дан 17:00 аралыгында райондун Ак-Дөбө жана Оргочор айыл аймагында куюн аралаш мөндүр жаап, бир топ зыян алып келген.

Ак-Дөбө айыл аймагынан 297 үйдүн, 181 чарбалык курулуштардын, Тилекмат айылындагы орто мектепттин, “Бактылуу балалык” бала бакчасынын чатыры жараксыз абалга келген. Ошондой эле, болжол менен 6 тонна картошка жана 5 тонна алма мөндүрдөн зыянга учраган.

Оргочор айыл аймагындагы биртоп турак үйлөр жабыркады.(AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG