Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Индия Пакистанда өтчү регионалдык саммитке катышпайт


Индияда Кашмир маселесин чечүүнү талап кылган көчө жүрүш.
Индияда Кашмир маселесин чечүүнү талап кылган көчө жүрүш.

Индиянын тышкы иштер министрлиги 27-сентябрда тараткан билдирүүдө “чек ара аралык террордук акт жана регионалдык уюмдун мүчөлөрүнүн ички иштерине кийлигишүү күчөгөнүнө байланыштуу” Индия саммитке катышпайт деп айтылган. Билдирүүдө Пакистан аталган эмес. Бирок Индия Кашмирдеги аскердик базасына кол салуу боюнча Пакистанды айыптаган. Анда 18 аскер набыт болгон эле.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Түштүк-Азия мамлекеттеринин регионалдык кызматташуу боюнча бирикмесинин Исламабадда боло турган саммитине катышуу ниетин билдирип келген. Бул уюмда Индия, Пакистандан сырткары Ооганстан, Бангладеш, Бутан, Мальдивы, Непал жана Шри-Ланка бар. Пакистандын тышкы иштер министрлиги тынчтык жана кызматташуу ниетинде кала берерин билдирди.

Регионалдык уюм 1985-жылы түзүлгөн. Саммит ноябрь айына белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG