Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

SpaceX компаниясынын башчысы Марска адамдарды жайгаштыруу планын жарыялады


SpaceX компаниясынын ракетасы.
SpaceX компаниясынын ракетасы.

Компаниянын башчысы Илон Маск жакынкы 40 жылда Марска шаар куруу жана учуу акысын бир адамга 100 миң доллар кылып, миңдеген адамдарды учуруу максатын билдирди. 27-сентябрда Мексикада Эл аралык астронавттар конгрессинде америкалык ишкер Илон Маск жүздөгөн адамдарды учуруу боюнча көз карашын ачыктады.

- Биз бул мүмкүн экенин көрсөтөбүз деп ойлоймун. Бул реалдуу экенин, ал куру кыял эместигин, реалдуу түрдө аткарууга мүмкүн экенин көрсөтөбүз деп ойлоймун. Бул иш бара-бара көбөйгөн кар көчкүдөй болот. Мен жеке өзүм бул долбоорду турмушка ашыруу үчүн болгон каражатымды жумшаймын. Максатым мындан кандайдыр бир каражат табуу эмес, планеталар аралык жашоону түзүүгө салым кошуу.

Макс Илондун айтымында, жакынкы 40-100 жылдын аралыгында Марска шаар курулууга тийиш. Ал үчүн көп ирет колдонулуучу ракеталардын негизинде планеталар аралык траспорт системасы түзүлүп, ар бир ракета жүздөн киши ташып жүрө ала тургандай болот. "Киши башына билет баасы 100 миң доллар болууга тийиш, эгерде ал 10 млрд доллар болсо, Марста өзүн-өзү камсыздаган цивилизация түзүү мүмкүн эмес”, деп эсептейт Макс Илон. (AiT)

XS
SM
MD
LG