Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

MH17 учагы Орусиядан жашыруун алып келинген ракета менен атып түшүрүлгөн


Орусиялык "Бук" зениттик-ракета системасы (иллюстративдик сүрөт).
Орусиялык "Бук" зениттик-ракета системасы (иллюстративдик сүрөт).

Бул тууралуу кыйраган учакта каза болгондордун жакындары 28-сентябда билдирди. Алардын маалыматы боюнча, эл аралык иликтөө көрсөткөндөй учак Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан "Бук" зениттик-ракета системасы менен атып түшүрүлгөн. Трагедияда жакындарын жоготкон Пит Плуиг жана Робби Оихлерс Бириккен тергөө тобу менен бейформал шартта жолугушкандан кийин “Азаттыкка” маалымат берип, тергөө тобу учак Орусиядан жашыруун жол менен Чыгыш Украинага алып келинген "Бук" зениттик ракетадан атып түшүрүлгөнүн аныктаганын билдирди.

Ал система андан кийин Орусияга кайра чыгарылып кеткен. Малайзия аба жолдоруна таандык MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда атып түшүрүлгөн. Учактагы 298 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү каза тапкан. Орусия жикчилдерге андай курал берди деген айыптоолорду четке кагып, учак Украина күчтөрү тарабынан атылган деп билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG