Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Асанов, Кадыров, Сарыгулов жана Карыбековдун соту уланууда


Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров,
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров,

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдун соту уланууда

Соттук жараян Бишкектеги Биринчи Май районунда жабык өтүп жатат. Айыпталуучуларга туугандары менен учурашууга да мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул тууралуу Бектур Асановдун карындашы Гүлжан Асанова “Азаттыкка” билдирди:

- Сот эмнеге жабык өтүп жатканы түшүнүксүз. Жок дегенде учурашып алалы десек, мүмкүнчүлүк берген жок.

Айыпталуучуларды мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров коомдук жактоочу катары коргоп жатат.

Камактагылардын жакындары буга чейин митингге чыгып, сотту ачык өткөрүү жана ишти карап жаткан судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөө талабын коюшкан. Сот бул сунушту канааттандырган эмес. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып жатышкан оппозициячыларды быйыл май айында УКМК кармаган. Атайын кызмат тергөө материалдарына эмнеге "жашыруун" деген белги коюлганы тууралуу комментарий бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG