Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, күн тартибине ылайык, бардык фракция башчыларына сөз берилди. Алгач “Кыргызстан” фракциясынын төрагасы Канатбек Исаев сөз сүйлөп, кесиптештерин референдумду өткөрүү күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды. Исаев 2010-жылы 27-июнда өлкөдө саясий абал чыңалып турган учурда “шашылыш кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүүгө зарылчылык чоң” деп бекемдеди.

Референдумду өткөрүү күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоору буга чейин тармактык комитеттин кароосунан өтүп, экинчи окууда кабыл алынган. Ага ылайык, референдум өткөрүүчү күн алдын ала 4-декабрь деп белгиленген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG