Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Расмий Исламабад талаштуу Кашмир аймагынын Пакистан тарабында эки аскеринин өлүмүнө Индияны айыптоодо.

Пакистандын белгилешинче, чек арада түнү бою салгылашуу жүрдү жана "индиялыктардын чагымына татыктуу жооп кайтарган эки аскер окко учту".

Премьер-министр Наваз Шариф окуяны Пакистандын эгемендигине кол салуу аракети деп баалады.

Ал эми Индия чек арада ага карата пландалган чабуулга туруштук бере алганын айтууда.

Эки өлкө Кашмир облусун 1947-жылдан бери талашып келатат. Ортодо эки жолу согуш да тутанган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG