Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Орусия Сирияга байланыштуу АКШны айыптады


Алеппо
Алеппо

Орусия АКШнын Сирия боюнча соңку айткандарын "эмоционалдуу, терроризмди колдоо менен барабар билдирүү" деп мүнөздөдү.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирби эгер Орусия Алепподогу кол салууларын токтотпосо АКШ аны менен Сирия боюнча кызматташуусун токтоторун билдирген.

Кирби ошондой эле азыркы кырдаалдан экстремисттер пайдаланып кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, "алар өз чабуулдарын кеңейтип, орусиялык кызыкчылыктарга да залакасын тийгизиши, керек болсо Орусиянын шаарларына чейин жайылтышы ыктымал" деди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын бул билдирүүсүн эмоционалдуу деп атап, орус тарап Алепподо 48 сааттык гуманитардык тыныгуу киргизүү сунушун айтканын эскертти.

АКШ менен Орусиянын ортомчулугу менен 12-сентябрдан тарта ок атышпоо келишими Сирияда бир апта гана сакталып, кайра бузулган. (RK)

XS
SM
MD
LG