Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Той көбөйгөн жерде чөнтөк жука


Иллюстрация
Иллюстрация

Күз келгени кечки убакыттын көбүн айылдыктар да, шаардыктар да тойлордо өткөрүп калышты. “Азаттыктын” кабарчылары быйылкы тойлордун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн сураштырып, чыгымдарын болжолдуу санап көрүштү.

Таласта келин алганга кеткен чыгымдар 500 миң сомдон ашпаса, кемибейт. Кыз берген тараптын чыгымы деле андан кем калбайт экен. Таластагы кабарчыбыз Салика Сариеванын сурамжылоосуна караганда, азыркы тойлордо белекке акча, алтын, баалуу буюм берүү адатка айланган.

Ошто элдин колунда акча менен тең айланган керексиз кездемелердин аш-тойлордогу доору өкүм сүрүүдө. Айрым айылдарда тажияга апкелинген кездемелерди өрттөгөнгө чейин барып жатышса да, чүпүрөк көтөргөн каада калбай жатат. Кененирээк кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Мурда тойлорду шаарлардагы заманбап ресторандарда өңчөй шаардыктар өткөрүп келсе, азыр бул адат элетте да күч алды. Ысык-Көлдөгү кабарчыбыздын сурамжылоолоруна караганда, элеттиктер муну түйшүктүн аздыгы, каражатты үнөмдөө аракети менен түшүндүрүшкөн. Кезек Асеин Маданбековдун баянында.

Акыркы эки-үч жылдан бери Нарында адал тойлор көбөйдү. Муну жергиликтүү коомчулукта спирттик ичимдиктин ашкере ичилишине жол бербөө катары да, мода катары да карагандар бар. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

Сузак районунун Кыз-Көл айыл округунда той-аштарда ысырапкерчиликти азайтуу максатында жергиликтүү кеңештин чечими менен айыл мыйзамы кабыл алынып, өткөн жылдан тартып иштей баштады. Ага ылайык катар тизилген унааларга жана көп сандуу конок күткөн ресторандарга той өткөрүүгө чектөө киргизилген. Ал эми көп улуттуу айрым айылдардагы үлпөт тойлордо ислам шарттары басымдуулук кылууда. Бул багытта кабарчыбыз Руслан Калматовдун макаласы.

Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде беш жүз миңден ашуун үй-бүлө маараке өткөрөт. Бирок ага жалпы канча каражат коротулары анык эмес. Той-аштарга жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар. Талдоочулар ири той өткөргөн кишиге декларация толтуруу талабын коюп, ысырапкорчулукту азайтууну сунушташууда. Жогорку Кеңеште жана өкмөттө бул жаатта маселе утуру көтөрүлүп турганы менен жыйынтыгы байкалбайт. Теманы Санжар Эралиев улантат.

XS
SM
MD
LG