Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Орусия Жогорку соту межилистин ишмердүүлүгүно тыюу салды


Крым татарларынын Межлис жетекчилеринин бири Ильми Умеровду боштондукка чыгарууну талап кылган акция.
Крым татарларынын Межлис жетекчилеринин бири Ильми Умеровду боштондукка чыгарууну талап кылган акция.

Орусиянын Жогорку соту крым-татар элинин межилисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салган өкүмдү күчүндө калтырды. Быйыл 26-апрелде Крым соту межилисти экстремисттик уюм деп таап, анын ишине тыюу салган. Межилистин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар аталган өкүмдү алып салуу тууралуу Страсбургдагы Адам укуктары боюнча сотко кайрылышат.

Межилиске атайын макамды украин өкмөтү 1999-жылы берген. Крымда татарлар калктын 12 пайызын түзөт. Жарым аралды Орусия 2014-жылы аннексиялап, көптөгөн татарлар ал жактан чыгып кеткен. Крымда калгандары орус бийлигинин куугунтугуна кабылганын айтып келишет. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана батыш мамлекеттери Кремлди крым-татарларына жасаган мамилеси үчүн сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG