Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Кыргызбай Осмонов: филармониянын залдары бош эмес


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов октябрь-ноябрда жыйын өткөрүү үчүн чоң зал алдын-ала ээленип калганын жана бош эместигин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 8-октябрда эртең мененки саат 10дон кечки 18.00гө чейин Москвадан келген Радислав Гандапастын тренинги өтө турганына байланыштуу "Референдумга - жок!" кыймылынын курултай тууралуу өтүнүчүн аткарууга мүмкүндүк болгон жок. Бул тууралуу алардын катына жооп жиберилген.

Буга чейин “Референдумга - жок!” кыймылынын жетекчилеринин бири Равшан Жээнбеков бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн жыйынына атайлап тоскоол болуп жатканын маалымдаган. Улуттук филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театрынын жетекчилиги оппозициянын курултайын өткөрүүдөн баш тартканын айткан.

8-октябрга белгиленген курултайды кайсы жерде өткөрүү маселеси азырынча чечиле элек. (NT)

XS
SM
MD
LG