Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Өкмөттүн токтому менен Улуттук гвардияга Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунан 36,98 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилди. Ошондой эле аталган райондордон Улуттук банктын менчигине да 2,58 гектар жер чыгарылды. Токтомго ылайык, эми Улуттук банк Үмөталиев-7 дарегиндеги административдик имаратын 0,097 га жери жана Үмөталиев-9 дарегиндеги 0,0289 га жер участогун мамлекеттик мүлк фондунда өткөрүп берүүгө тийиш. Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду аны Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүп берет. Маалыматка ылайык, бул имаратака аталган комитеттин оперативдүү башкармалыгы жайгашат.

Бөлүнүп берилген жерлер кандай максатта пайдаланууга берилгени тууралуу өкмөттүн сайтында маалымат жок. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG