Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

ТИМ: ЕККУнун макамын өзгөртүү сунушу мурда эле берилген


ЕККУнун учурдагы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга иш сапары учурунда.
ЕККУнун учурдагы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга иш сапары учурунда.

ЕККУнун Бишкектеги борборун программалык кеңсе кылып өзгөртүү демилгесин Тышкы иштер министрлиги буга чейин да бир нече жолу көтөрүп, сунуштап келген. Бул тууралуу ТИМдин 1-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз тарап ЕККУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын программалык-долбоордук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жаңы талаптарга ылайык, өлкөнүн пайдасы үчүн калыптандыруу маселесин эки тараптуу жолугушууларда айтып келген.

Акыркы жолу бул тууралуу министр Эрлан Абдылдаев 2016-жылы 1-сентябрда Потсдамда өткөн жыйында билдирген деп кошумчалайт Кулукеева:

-Кыргызстан тарап 25 жылдык эгемендик доорунда ЕККУ менен кызматташуу ийгиликтүү болду деп эсептейт жана эл аралык бул уюм Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөр жаатында тарыхый миссиясын аткарды деп айтууга негиз бар. Ошондуктан, мындан ары ЕККУ өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жана коопсуздукту камсыздоого багытталган долбоорлор менен иш алып баруу жагын караганы туура деп ойлойбуз.

Кулукеева ошол эле учурда ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү кабыл алуучу өлкөнүн талаптарына жооп берүүгө тийиш экени белгилейт.

Анын айтуусунда, буга байланыштуу кыргыз тарап ЕККУнун макамын өзгөртүү боюнча жараянды баштоо тууралуу ЕККУнун декабрда Гамбургда өтүүчү жыйынында расмий билдирүүнүн көздөп жаткан. Бирок жакында эле мекенинде кылмышкер деп таанылган Кадыржан Батыровдун уюмдун жыйынында сөз алып сүйлөшү, кыргыз тараптын чечими тууралуу ЕККУга эртерээк билдирүүгө негиз берди.

Айымкан Кулукеева ошол эле учурда Кадыржан Батыров мекенинде саясий, этникалык же дагы башка себептер менен эмес, кылган кылмышы үчүн издөөгө алынганын белгилейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG