Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Батыш Сириядагы авиачабуулдарды айыптады


Сирия.
Сирия.

АКШ президенти Барак Обама жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын Алепподогу соңку чабуулдарын “айбанчылык” деп аташты. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мындан ары Сирия маселеси боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантуунун зарылдыгы жок болуп баратканын билдирди.

Жон Керринин “Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу аракети маанисин жоготуп баратат” деген билдирүүсү Кремл “орус аскерлери Алепподо козголоңчулар ээлеп жаткан райондорго өкмөттүк күчтөрдүн чабуулдарын колдоосун уланта берет” деп жарыялагандан кийин жасалды.

- Биз сүйлөшүүлөрдү токтото турган чекке жетип калдык. Себеби ал жакта бомбалоо уланып жатса биз бул жерге отуруп алып олуттуу талкуу жүргүзгөн аракетибизден майнап жок. Башка жолдорду издей турган мезгил келди, - деди Керри.

Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Сирия көйгөйүн АКШ президенти Барак Обама менен немис канцлери Ангела Меркел да 29-сентябрда телефондон талкуулашты. Алар соңку чабуулдарды кескин айыптап, Орусиянын жана сириялык аскерлердин жүз миңдеген жай тургун жашаган, алардын жарымы балдар болгон Алеппо шаарын бомбалоосун “айбанчылык” деп аташты.

Андан мурдараак шаардын чыгыш тарабындагы эки ири оорукана жардырылганда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бул соккуларды “аскердик кылмыш” деп атаган болчу.

Обама менен Меркел Сирияда тынчтык орношуна өзгөчө жоопкерчилик Орусияда экенин баса белгилешти. Ак үй тараткан билдирүүдө алар “ок атышууну токтотуу жана курчоодо калган шаарлар менен айылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамын жеткирүү, кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууда негизги жоопкерчилик Орусияда” деп билдиргени айтылат.

Орусия ага карата айтылгандын баарын четке кагууда. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова 29-сентябрда өзүнүн Facebook баракчасына “Эгер АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотсо, анда бул Ак үй согушкерлерди өз канатына калкалап алды, террорчулардын көчөсүндө чоң майрам дегендикке жатат”, деп жазды.

Вашингтон менен Москва Сирияда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү соңку бир нече айдан бери жүргүзүп келди. Акыркы жолу жетишилген макулдашуунун негизинде 12-сентябрда башталган салыштырмалуу тынчтык бир апта өтпөй кайра бузулуп, ошондон бери тынчтык жок. Соңку күндөрү Алепподо айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы да кабарланды.

Саманта Пауэр
Саманта Пауэр

25-сентябрда АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр “тынчтык жолдорун издегендин ордуна Орусия менен Сирия президенти Башар Асад согушту улантууда, алар гуманитардык жардам ташып бараткандарды, ооруканаларды, адамдар жашаган жерлерди бомбалап жатат”, - деди:

- Орусия жана Асад соңку 72 саат ичинде 150дөн ашуун авиачабуул жасаганы кабарланууда. Натыйжада 139 адам каза болду, дагы жүздөгөн адамдар жарадар. Ал эми бир кезде Жакынкы Чыгыштын символу болгон шаардан азыр урандылар гана калды. Беш жарым жылдан берки согушта адамдар кандай гана кордук көрүп келатат, - деди Пауэр.

Орусия АКШнын Сирия боюнча соңку айткандарын "эмоционалдуу, терроризмди колдоо менен барабар билдирүү" деп мүнөздөөдө. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин бул өлкөдө качандыр бир тынчтык орной турганына ишенбесин билдирген:

- Сирияда жүздөгөн согушкер топтор жүрөт. Өлкө аймагын колунан келгендин баары бомбалап жатат. Тынчтыкка кайтуу дээрлик аткарылгыс болуп калды, - деди Чуркин.

Алты жылга чамалап калган жарандык согуш Сирияда 300 миңдей жай тургундун өмүрүн кыйды. Миллиондогон адамдар өлкө ичинде же чет жактарда качкын болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG