Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

УКМК тажикстандык укук коргоочунун жубайын кармап кеткени кабарланууда


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тажикстандык укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрдын түнү Стамбулдан Бишкекке учуп келгенде кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Жанета Хамзаеванын кармалганын анын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиева да ырастады. УКМКдан Хамзаеваны кармоо себептери тууралуу маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү мунун чоо-жайын билүү максатында атайын кызматка бара жатканын кабарлашты. Маалыматка караганда, кармалган аялдын күйөөсү Собир Валиев Тажикстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири. Өткөн жумада ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында тажик бийлигин катуу сындаган. Азыркы кезде мекенине бара албай чет мамлекетте жүрөт. Анын жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева Кыргызстанга ооруп жаткан энесине каралашуу үчүн келгени кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG