Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Бишкек. 2-октябрь
Бишкек. 2-октябрь

Кыргызгидромет борбору 3-октябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар түшүп, айрым аймактарда жаан-чачын катуу болорун эскертет. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетет.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында абанын температурасы -2 градус болуп, үшүк жүрөт. Бул жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18,

Талас жергесинде +1...+6, күндүз+7...+12,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,

Баткен облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13 градус болот.

3-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +3...+5, күндүз +15...+17 градус жогорулайт.

XS
SM
MD
LG