Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

УКМК Хамзаеванын энесинин үйүндө тинтүү жүргүздү


Атайын кызмат Жанета Хамзаеванын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиеванын Исанов көчөсүндө жайгашкан батиринде тинтүү жүргүздү.
Атайын кызмат Жанета Хамзаеванын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиеванын Исанов көчөсүндө жайгашкан батиринде тинтүү жүргүздү.

УКМК тажикстандык укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеванын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиеванын Исанов көчөсүндө жайгашкан батиринде тинтүү жүргүздү. Атайын кызмат өкүлдөрү "Азаттыктын" кабарчысына тинтүүнү видеого тартууга жана ал тууралуу маалымат алууга уруксат берген жок.

Хамзаева 2-октябрдын түнү Стамбулдан Бишкекке учуп келгенде кармалган. Анын себептери тууралуу маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. Укук коргоочулардын кабарлашынча, УКМК "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун өкүлдөрүн жана адвокатты аны менен жолугуштуруудан баш тарткан. Туугандарын да бүгүн дем алыш деген жүйө менен киргизбей жатканын апасы Гүлнара Айталиева билдирди:

- Эмнеге кармаганын билбейбиз. Айтпай жатышат. Бүгүн эс алуу болгондуктан киргизе албайбыз. 3-октябрда саат 9да келгиле деп айтышты.

Маалыматка караганда, кармалган аялдын күйөөсү Собир Валиев Тажикстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири. Ал өткөн жумада ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында тажик бийлигин катуу сындаган. Азыркы кезде мекенине бара албай чет мамлекетте жүрөт. Анын жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева Кыргызстанга ооруп жаткан энесине каралашуу үчүн келгени кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG