Малайзиялык “Боингдин” Украинада кыйрашына шектүүлөрдүн тизмеси 2017-жылдын башында ырасталат. Бул тууралуу Австралия ички иштер министри Жулия Бишоп билдирди.
Австралия трагедиянын чоо-жайын иликтеген эл аралык комиссияга мүчө. Комиссияда Бельгия, Малайзия, Украина жана Голландия да бар.
Эл аралык комиссия 28-сентябрда алгачкы расмий иликтөөсүн жарыялаган. Анда лайнер Украинага Орусиядан алынып келинген “Бук” ракеталык системасынан, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атылганы айтылган.
Комиссия кылмышка шектелгендер тизмесинде 100 киши бар деген болчу.
Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда Донбасста атылган. Бортундагы 298 кишинин баары өлгөн.
Кырсыкты иликтегендер бул ишке Орусия колдогон жикчилдердин катышы бардыгын айтышса, Орусия Украинаны айыптап келет.